Ошто 17 жаштагы кыз өз жанын кыйды

Ошто 17 жаштагы кыз өз жанын кыйды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-июнь күнү саат 16:10 чамасында милицияга Ноокат аймактык ооруканасынан 2005-жылы туулган Ноокат шаарынын тургунунун жансыз денесин жакын туугандары алып келгендигин билдирген. Аталган маалымат катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгышып, тергөө амалдары башталган. Алгачкы текшерүү иштеринин жүрүшүндө, каза болгон жаран Ноокат шаарынын тургуну 17 жаштагы тургуну экендиги такталып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, ал 28-июнь күнү өзүнүн үйүндө өзүн-өзү асып каза болгондугу аныкталган.

Маркумдун жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлгөн учурда денесинде эч кандай жараат аныкталган эмес. Өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бирок маркумдун ата-энеси жана жакын туугандары маркумдун денесин соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан.