Ошто 17 жаштагы кыз өз жанын кыюуга аракет кылды

Ошто 17 жаштагы кыз өз өмүрүнө кол салууга аракет кылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Масалиев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 11-кабатында 17 жаштагы кыз өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, аталган кызды түшүрүп, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Андан соң ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.