Ош облусунда милиция кызматкерин сүзүп кетүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-октябрда Бишкек-Ош унаа жолунун 664-чакырымында, Кара-Суу районунун Фуркат айылында 1988-жылы туулган, нөөмөттө турган улук инспекторду кара түстөгү Mercedes-Benz унаасы сүзүп кеткен. Айдоочу токтобой, из жашырып кеткен. Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө айдоочу 21-октябрда Отуз-Адыр айылында кармалды. Унаа айып короого токтотулган. Айдоочу Кара-Суу районунун 2004-жылы туулган тургуну экени аныкталды. Кийин белгилүү болгондой, ал машинаны оңдоп, сырдоого жетишкен.