Ошто 18 жаштагы эжеси 9 жаштагы инисин бычак менен сайып өлтүрүүгө шектелип жатат

Ошто 2005-жылы туулган кыз өзүнүн 2014-жылы туулган инисин бычак менен сайып өлтүрүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 17-декабрда Ош шаарында катталган. Милицияга оорукананын дарыгеринен билдирүү түшкөн. Анда 2014-жылы туулган баланын сол көкүрөгүнө бычак сайылган. Жансыз дене ооруканага анын 1986-жылы туулган апасы тарабынан жеткирилген.

Жерине барган милиция кылмыши ишин козгогон. Тергөөнүн жүрүшүндө баланын 2005-жылы туулган эжеси ашкана бычагы менен инисин сайып, качып кеткени аныкталган. Шектүү кармалып, бөгөт чарасы карлып, 2 айга камакта калтырылган. Ал эми кыздын жакындары анын психикалык жактан жабыркарын айтышкан. Кызга психикалык эспертиза дайындалган.