Ошто 19 жаштагы кыз милиция кызматкери тарабынан зордукталганбы? Милициянын жообу

Кечээ, 8-декабрь күнү жергиликтүү ЖМКлардын бирине Ошто милиция кызматкери тарабынан 19 жаштагы кыздын зордукталганы жазылган. Бул боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан комментарий беришти.

19 жаштагы кыз аны 18-октябрь күнү Ош шаарындагы мейманканалардын биринде түнкү саат 22:00 чамаларында 3 жолу күч колдонуп, зордуктагандыгын билдирип, тиешелүү жаза берүүнү суранып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 2-ноябрь күнү арыз жазган. Арыз катталып, зордуктоо беренесинин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш ачылган. Ал эми зордуктаганга шектелип жаткан жаран октябрь айынын орто ченинде түнкүсүн кызматта жүргөнүндө «102» кызматы аркылуу чакыруу түшүп, анда “Скай-Бар” аталышындагы түнкү клубга баргандыгын, бул кызды ошол жерден көрүп, милиция бөлүмүнө алып келгендигин жана андан башка тааныштыгы, мамилеси жок экендигин айтып, ага карата коюлуп жаткан айыпка такыр макул эместигин билдирген.

Атайын соттук медициналык экспертиза дайындалып, анда кыздык белги мурда бузулгандыгын, арыз менен кеч кайрылгандыгына байланыштуу так далилденбей тургандыгын көрсөткөн жыйынтык чыгарылган. Жабырлануучу катары өтүп жаткан кызга карата соттук психологиялык-психиатриялык абалын билүү үчүн ага карата комиссиялык экспертиза дайындалган. Анын себеби, жабырлануучу катары өтүп жаткандын көрсөтмөлөрү шек жаратып, буга чейин жабырлануучу катары бир нече ирет Бишкек жана Ош шаарларында ички иштер органдарына негизделбеген арыз жазгандары, анын социалдык түйүндөр аркылуу айткан видеокайрылуулары себеп болгон. Ал өзүн интернет аркылуу «милиция кызматкери» катары тааныштырып, атайын наамын өтө жогорку чинде айткан учурлары болгон.

«Адегенде өз арызында атын башка ат менен жазган тааныштырган. Кийин анын так аты аныкталган. Натыйжада, комиссиялык соттук психологиялык-психиатриялык экспертиза арыздануучунун абалын карап, аны акыл-эси жайында бирок өзүнүн кызыкчылыгы үчүн окуяны оюнан чыгарып айта тургандыгы аныкталгандыгы тууралуу жыйынтык чыгарып берген. Бул факты боюнча берген бардык көрсөтмөлөрү далилденбегендиги, кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу иш кыскартылган. Тергөө кызматынын ишине нааразы тарап жогорку инстанцияларга арыз менен кайрылса болот», — деп айтылат маалыматта.