Ошто 2 кабаттуу дүкөн өрттөндү

Оштогу 2 кабаттуу дүкөн өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, дүкөн Ош шаарындагы Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан. Өрттү өчүрүүгө саат 8:50дө Ош шаардык ӨКБдан 2 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 9:04тө чектөөгө алынып, 9:05те толук өчүрүлгөн.