Ошто 2 окуучуну сүзүп, качып кеткен айдоочу камерага түшүп калган (видео)

Ошто 2 окуучуну унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

10-апрель күнү саат 15:00 чамасында Ош шаарынын жашы жете элек тургундары Панфилов атындагы №23 орто мектебинин 8-классынын окуучулары 2010-жылы туулган К.А. жана 2009-жылы туулган М.Д. Ош шаарынын 8-март көчөсүндөгү атайын жөө жүргүнчү өтүүчү жол белгиси менен жолду кесип өтүп бара жаткан учурда белгисиз айдоочу Дэу матиз үлгүсүндөгү унаасы менен койдуруп кеткен.

Натыйжада окуучулар алган жараатынан улам, Ош облустук бириккен клиникалык балдар ооруканасына кайрылган. Бул окуя маалыматтарды каттоо журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Айдоочу аныкталып, издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 11-апрелде кармалып, унаасы айып короого киргизилди. Ал эми айдоочу 1996-жылы туулган жаран тергөөгө камсыз болгон.