Ошто 2 тоннадан ашык мыйзамсыз өндүрүлгөн спирт ичимдиктери аныкталды

Ош шаарында 2 тоннадан ашык мыйзамсыз өндүрүлгөн спирт жана спирт ичимдиктери алынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана Министрлер кабинетине караштуу этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агентигинин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, Ош шаарынын аймагына жаран шериктери менен Кыргызстандын аймагына Тажикстандан аткезчилик жолу менен алып келинген спирт продукциясын жеке турак-үйдө сактоо менен бөтөлкөлөргө куюп жасалма спирт ичимдиктерин даярдап, Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында сатып жүрүшкөндүгү маалым болгон.

Аталган факты боюнча Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси (спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Ош шааарынын Жапалак айыл аймагында жайгашкан бүтпөгөн жеке турак-үйдүн жер төлөөсүнөн 5 литрдик 390 желим бөтөлкөгө куюлган жалпы 1950 литр спирт алынды. Мындан сырткары, Кара-Суу районуна караштуу Манас айыл аймагындагы үйдүн унаа токтотуучу жайынан 123 кутуча, ар биринде 24 бөтөлкөсү бар, 0,2 өлчөмдөгү жалпы 2952 бөтөлкө (590,4 литр) спирт ичимдиктери алынды. Аталган спирт жана спирт ичимдиктери Ош шаарынын тургунуна таандык экендиги такталган. Учурда баардык жагдайды тактоо боюнча ыкчам иштер улантылууда, соттук экспертиза дайындалып тергөө иштери жүргүзүлүүдө.