Ошто 2 унаа сүзүшүп, айдоочу менен жүргүнчү көз жумду

Ошто жол кырсыгы катталып, 2 адам көз жумду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык 20-августта саат 19:35 чамасында Бишкек-Ош жолунун 595-чакырымында катталган. Ош облусунун Ноокат районунун 1975-жылы туулган тургуну Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, рулду башкара албай карама-каршы багытка чыгып, ошол багытта келе жаткан Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 1963-жылы туулган тургунунун ВАЗ-2107 унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен ВАЗ-2107 унаанын айдоочусу жана анын 1972-жылы туулган жүргүнчүсү оор жаракат алышып, окуя болгон жерде каза болушкан. Ал эми Мерседес-Бенц унасынын ичиндеги 1975 жана 1968-жылы туулган жарандар ооруканага жеткирилген.