Ошто 220 миң сом талап кылууга шектелип «Профессор» кармалды

Ошто жарандан ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылгандар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ушул жылдын сентябрь айынын ортосунда Кара-Суу районунун 25 жаштагы тургунунун үйүнө бейтааныш адамдар Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа менен келишип, күч колдонуп унаага отургузушуп, адамдар жок жерге алып келишкен. Ал жерден карыз экендигин айтышып, аны төлөбөсө, үйүн каттатып берүүнү опузалап талап кылышкан. Жабырлануучу өзүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна кооптуу жагдай жаралганын сезип, опузалап талап кылган 220 миң сом акчасын берүүгө макул болгон. Бул факты боюнча Ош ШИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында кылмыш ишине шектүү катары 1978-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну, Ош шаарынын 1986-жылы туулган тургуну кармалган. Алар мурда бир нече жолу соттолушкан жана кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн арасында кадыр-баркка ээ. Алардын бирөөсүнүн “профессор” каймана аты бар жана криминалдык төбөлдүн түштүктөгү оң колу (кеңешчиси) болгон. Кармалган жарандар Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайын киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.