Ошто 24 жаштагы УКМКнын кызматкери ур-токмоктон каза болду

Кечээ, 20-июнда саат 06:20 чамасында Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын дарыгери такси аркылуу аталган ооруканага белгисиз жашы 20-25 жаштагы эркек баланын жансыз денеси жеткирилгендиги боюнча билдирген. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти. Факты боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлгөн учурда денесинде жараттары бар экени байкалган. Көрүлгөн ыкчам иш чаралардын натыйжасында, белгисиз өлүктүн ким экендиги такталып, анын 1997-жылы туулган жигит экендиги аныкталган. Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө, маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза, ошондой эле алынган кийимдериндеги тактарды аныктоо максатында соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган.

Аталган кылмышка шектелип, Ош шаарынын 1999-жылы туулган бир жаран жана 1998-жылы туулган эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шектүү катары кармалган жигит сурак учурунда спирт ичимдик ичип алган мас абалда Ош шаарынын Исанов көчөсүндө каза болгон жигит менен эч бир себепсиз сөздөн-сөз чыгып, урушуп кетишкендигин, аны колу менен бетине бир ургандыгын айткан. Жигит өзүн жоготуп жатып калганда, ага карата жасалма дем алдырып, бетине суу чачып жардам көрсөтүп, акырында такси аркылуу ооруканага жибергендигин билдирген. Бул окуя боюнча сотко чейинки биологиялык, соттук медициналык жана соттук-наркологиялык экспертизалар дайындалды.

Ал эми каза болгон жигит УКМКнын кызматкери экендиги аныкталды. УКМК кызматкери бейбаштык кол салуудан кийин көз жумганын билдирди. «20-июнда УКМКнын кызматкерине топтолгон балдар тарабынан жасалган бейбаштыктын натыйжасында, УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери каза болду. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 4-бөлүмү “бейбаштык менен өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголуп, адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалды», — дешти УКМКдан.