Ошто 24 жаштагы келин эки кызы менен каналга түшүп кеткен. 1,5 жаштагы кызынын жансыз денеси изделип жатат

Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр каналына 1997-жылы туулган келин эки кичинекей кызы менен түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар тарабынан келин жана анын болжол менен 3 жаштагы кызын суудан аман-эсен чыгарышып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми болжол менен бир жарым жаштагы кызды издөө иштерин жүргүзүү үчүн жерине ӨКМден 13 куткаруучу, ИИМден 11 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, майнап чыккан эмес.  Издөө иштери бүгүн, 27-сентябрь күнү улантылат.