Буга чейин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ШИИБден Ошто 33 жаштагы тургундун 24 жаштагы жубайын өлтүрүүгө шектелип жатканын билдиришкен.
- Окуя 4-октябрда болгон. Күйөөсү кыздын атасыныкына барып, бычак сайып, мууздап салган. «Шектүүнүн аты-жөнү аныкталган. Издөө иштери жүрүп жатат. Аялы экөө жашабай, жаңжал чыга бергенинен аялы атасынын үйүнө келе берген экен. Ортодо 2 баласы болгон», — дешкен шаардык милициядан.
Бүгүн, 17-октябрда кылмышка шектүүнүн кармалганы маалым болду. «Адам өлтүрүүгө шектүү 1990-жылы туулган жаран коӊшу Өзбекстанстандын Анжиян облусунун аймагынан жергиликтүү укук коргоо органдары менен биргелешкен издөө иш аракеттеринин натыйжасында өткөн жумада колго түшүрүлүп, Ош шаарына алып келинди. Учурда анын үстүнөн адам өлтүрүү беренеси (122-берене) менен кылмыш иши тергелүүдө», — деп айтылат маалыматта.