Ошто 25 жаштагы жигиттин үйүнүн короосунан курал жана жардыруучу зат табылды

Ош шаарында 25 жаштагы жарандын үйүнүн короосунан ок атуучу курал, жардыруучу зат табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош ШИИБге бир ай мурун 1996-жылы туулган Ош шаарынын тургуну үйүндө курал сактай тургандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат боюнча Ош ШИИБдин экстремизимге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан бул багытта бир ай бою атайын ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, кечээ, 30-июнда аталган жарандын үйүнө күбөлөрдүн катышуусунда милиция кызматкерлери тарабынан тинтүүгө алынып, анда үйүнүн короосунан РГД5 жардыруучу зат, 16-калибирдеги курал кыскартылган абалда табылды. Алынган куралга жана жардыруучу затка тийиштүү экспертизалар дайындалып, иликтөө амалдары жүрүп жатат.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жазык кодексинин 253-беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.