Уктоого орун талашып… Ошто 26 жаштагы жигитти өлтүрүүгө шектелген 2 жаран кармалды

Ошто 26 жаштагы жигитти өлтүрүүгө шектелип, 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-июнь күнү саат 05:20 чамасында милицияга кабар келип түшкөн. Анда Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн алдындагы электр чордонунун артындагы жерден 20-25 жаштагы белгисиз эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу кабарлаган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлгөн учурда анын денесинде көгөргөн жана сыйрылган жараттары бар экендиги аныкталып, тийиштүү иш кагаздар чогултулган. Бул факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгына каттоого алынып, Жазык кодексинин 138-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө, каза болгон жарандын өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, эксперттер тарабынан жансыз денеге кароо жүргүзүлүп, анын сол тарабындагы 2-3 кабыргасы сынганы жана киши колдуу болуп өлгөнү аныкталган. Ошондой эле каза болгон атуулдун Өзгөн районунун 1995-жылы туулган жашоочусу экени такталган. Аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлер тарабынан иш чаралар уюштурулуп, кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 1992-жылы туулган тургуну менен Алай районунун 1991-жылы туулган тургуну кармалган. Аларга сурак кылган учурда, алар 4-июнь күнү спирт ичимдигин ичип мас абалында Ош шаарындагы электр чордонунун артындагы жайга барышкан. Ал жерде уктап жаткан жигит менен жигиттердин бири уктап эс алганы орун талашып уруша кетишкенин, уктап жаткан жигитти жаткан жеринен тепкилеп, чөнтөгүндөгү 270 сом акчасын алып кетип калышканын көрсөтүшкөн. Кылмышка шектүү катары кармалган жарандар тергөө абагына киргизилди.