Кечээ, 24-июнь күнү саат 19:27де ӨКМге Сулайман-Тоодо боюн таштоого аракет кылган кыз тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, өз жанын кыюуга аракет кылган кызды альпинисттик куткаруучу шаймандардын жардамы менен сактап калышкан. Куткарылган кыз 27 жаштагы Төлөйкөн айылынын тургуну экендиги аныкталган.