Ошто 28 жаштагы жигит киши колдуу болду. Анын өлүмүнө бир тууган агасы шектелип жатат

Бүгүн, 21-сентябрда Ош шаарында адам өлтүрүү фактысы катталды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош ШИИБге саат 07:00 чамасында 1993-жылы туулган жигиттин ооруканада каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. 28 жаштагы жигит ооруканага бутунан мийиздүү нерседен алган жаракаты менен кайрылган. Ал ооруканада көз жумган. Учурда кылмышка шектелип, маркумдун бир тууган агасы кармалды. Ал учурда сурак берип жатат.