Ошто 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды

Кечээ, 20-февраль күнү саат 14:10 чамасында Кара-Кулжа районунун 1-Май айылында 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кара-Кулжа районунун 1961-жылы туулган тургуну Вольво-360 үлгүсүндөгү унаасын менен бара жатып, 1-Май айылына жеткенде рулун башкара албай, жолдун түндүк тарабындагы айдоо тааланы аралап барып, бийиктиги 25-30 метр болгон жардан кулаган. Анын кесепетинен айдоочу өзү, жүргүнчү катары бара жатышкан 1974-жылы туулган жубайы жана 2019-жылы туулган небереси окуя болгон жерде каза болгон.

Тергөөнүн алдын ала маалыматына караганда, маркум айдоочу автоунааны башкарып бара жатканда жүрөгү токтоп калгандыгы болжолдонууда. Ал унааны башкарып бара жатып, эч кандай жол кыймылынын эрежелерин бузган эмес. Унаанын тормозунун издери жана карама-каршы тилкеде башка унаалар болгон эмес.

Учурда тергөө иштери уланууда.