Ошто 3 балалуу келиндин мууздалып өлтүрүлгөнү маалым болду

Ошто 3 балалуу келин мууздалып өлтүрүлдү. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ШИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, кылмышка шектелип жолдошу кармалып, камакка алынган. Окуя 2-апрелде болгон. «2000-жылы туулган жарандын жансыз денеси Ак-Буура дарыясынын жээгинен табылган. Кылмышка шектелип, 1995-жылы туулган жолдошу кармалган. Ал жубайын башка бир эркектен кызганып, артынан аңдып, жээкте отурган жеринде бычак сайып, жардам бербей кеткен»,- деп айтылат маалыматта.

Келиндин сөөгү кечээ, 3-апрелде жерге берилген. Экөөнүн ортосунда 3 баласы бар.