Ошто 3 балалуу келиндин мууздалып өлтүрүлүшү. Шектүү камакта калтырылды

Мындан 2 күн мурда Ошто 3 балалуу келин мууздалып өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү жолдошу соттун чечими менен 2 айга камакта калтырылды.

Окуя 2-апрелде болгон. «2000-жылы туулган жарандын жансыз денеси Ак-Буура дарыясынын жээгинен табылган. Кылмышка шектелип, 1995-жылы туулган жолдошу кармалган. Ал жубайын башка бир эркектен кызганып, артынан аңдып, жээкте отурган жеринде бычак сайып, жардам бербей кеткен»,- дешкен.

Келиндин сөөгү 3-апрелде жерге берилген. Экөөнүн ортосунда 3 баласы бар.