Ошто 3-класстын окуучусу КамАЗдын алдында калып, көз жумду

Социалдык тармактарда Кара-Сууда КамАЗдын велосипед тээп бара жаткан баланы сүзүп кеткен видео тараган. Окуя боюнча Ош облустук жол кыймылдын көзөмөлдөө башкармалыгынан журналисттерге маалымат беришип, окуя кечээ, 1-майда катталганын, 3-класстын окуучусу унаанын алдына кирип кеткенин билдиришкен.

Кырсыктын кесепетинен окуучу каза болду.