Ошто 30 жаштагы жаран киши колдуу болгон. Шектүү кармалды

30 жаштагы жаран миздүү нерседен жараат алып каза болгон. Кылмышка шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош шаарындагы Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Ош шаарынын Исанов көчөсүнүн 30 жаштагы тургуну миздүү нерседен жараат алып, каза болгон. Анын каза болгону тууралуу маалымат милицияга оорукандан түшкөн. Аны өлтүрүүгө шектелип 28 жаштагы жаран кармалган.