Ошто жаш келиндин өз жанын кыйышы. Ата-энесинин эч кимге доосу жок

Ошто ата-энесинин үйүндө асынып көз жумган жаш келиндин ата-энеси милицияга арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ата-энеси буга чейин Орусияда миграцияда жүргөн. Келин көз жумуп, кабар берилген соң Кыргызстанга кайтып келишкен. «Ата-энесини эч кимге доосу жок экенин билдирип, арыз жазуудан баш тартышты», — дешти милициядан.

19-октябрь күнү Ош шаарынын Туран кичи шаарчасындагы үйлөрдүн биринен 30 жаштагы келиндин жансыз денеси асылган абалда табылган. Маркумдун Ош шаарынын 1991-жылы туулган тургуну экени такталып, өзүнүн апасынын үйүнүн кире беришиндеги устунга шарф менен асынган абалда каза болгону аныкталган. Жансыз денеге соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Мындан тышкары анын 3 баласы бар экендиги такталган.