Ошто 32 жаштагы милиция кызматкери жол кырсыгынан каза болду

4-июнь күнү саат 21:30 чамасында Ош шаарынын 2001-жылы туулган тургуну “ДЭУ Матиз” үлгүсүндөгү автоунаасы менен Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүндө бара жатып, “Сити” кафесинин тушунда жөө жүрүүчү, Ош ШИИБы боюнча МККБнүн 5-туристтик взводунун ага тескөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Кожомберди уулу Уланбекти койдуруп кеткен.

Анын натыйжасында жөө жүрүүчү денесинен алган жараатынан улам Ош шаардык Тез жардам кызматы аркылуу Ош шаардык аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жеткирилген. Жөө жүрүүчүнүн баш сөөгүнөн оор жараат алганы аныкталган. 12-июнь күнү саат 00:30да Кожомберди уулу Уланбек Ош шаардык ооруканасында дарыланып жатып каза болгон.

Ал 1992-жылы туулган, билими жогорку. Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагынын тургуну болгон милиция кызматкери үй-бүлөлүү, эки баланын атасы. Ички иштер органдарында 2018-жылдан эмгектенип келген, ал эми азыркы ээлеген Ош ШИИБы боюнча МККБнүн 5-туристтик взводунун ага тескөөчүсү кызматында 2022-жылдан тартып кызмат өтөп жаткан эле.