Ошто 38 жаштагы жаран унаа алдында калып көз жумган. Шектүү кармалды

Ушул жылдын апрель айында 1985-жылы туулган чет өлкөлүк жаран оор жүк ташуучу унаасын «Эркечтам» көзөмөл өткөрүү пунктунда токтотуп, бара жаткан учурда, жүк ташуучу унаанын айдоочусу сүзгөн. Айдоочу окуя болгон жерден изин жашырган. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Жабырлануучу кырсык болгон жерде каза болгон. Окуя боюча Алай райондук ички иштер бөлүмүнө кабар берилип, аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган. Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин  (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Алынган экспертизанын корутундуларына жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүнүн негизинде кылмышка шектүү чет өлкөлүк жаранга издөө жарыяланган. Алай РИИБдин кызматкерлери тарабынан 16-октябрь күнү аткарылган оперативдик ыкчам иш-чаралардын негизинде 1976-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды.