Ошто 43 жаштагы жаранды унаа сүзүп кеткен. Изин жашырып жүргөн айдоочу кармалды

18-октябрда саат 18:50 чамасында Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсүндө айдоочу унаасы менен Кара-Суу шаарынын 1979-жылы туулган тургунун сүзүп, из жашырып кекен. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук жол кымылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Кесепетинен жаран денесинен жарат алып, Кара-Суу райондук ооруканасына жеткирилген. Кылмышка шектелип, Кара-Суу шаарынын 2003-жылы туулган тургуну кармалган. Айдоочу Кара-Суу РИИБге жеткирилип, унаа убактылуу айып короого токтотулган.