Ошто 5 жаштагы бала ата-энеси тарабынан зомбулук көрүп жатканы тууралуу видео тарады. Апасы эмне дейт?

Кечээ, 14-сентябрда социалдык тармактарга кичинекей баланын үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандыгы тууралуу видео жарыяланган.

«Ошто бир баланы уктум, апасы көгөртө урат экен, көпкө чейин сыртка чыгарбай коёт дейт. Ал үй-бүлөнү кошуналары жакшы билишпейт, баласы башка балдар менен кээде гана ойнойт экен. Баланы кайчы менен сайгылап уруптур, көгөргөн, тырык болгон жерлерин видеого тартып алышыптыр. Кантип жардам берсек болот? Өзүм бир иш кылуудан коркуп турам», — деп жазган каттын автору.

Аталган видео боюнча Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам текшерүү иштери башталган. «Бул үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн өздүктөрү аныкталып, алардын учурдагы жашаган жерин аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн. Милиция кызматкерлери тарабынан бул үй-бүлө Ош шаарынын Навои көчөсүндө убактылуу батирде жашап жатканы аныкталып, 14-сентябрда саат 14:00 чамаларында Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнө видеодогу 2019-жылы туулган бала, анын 2002-жылы туулган апасы жана 1985-жылы туулган күйөөсү жеткирилген. Видеодо көрсөтүлгөн бала келиндин биринчи турмушундагы бала. Учурда 8 айлык азыркы турмушунан боюнда бар.

Баланын апасы баласын күйөөсү эч качан урбагандыгын, шоктонсо гана урушуп коёрун айтып, көрсөтмө берип жатат. Апасы: ”Балам аябай шок. Мурдагы убактылуу жашаган жерибизде эки күн катар үйдүн алдындагы унааларга таш ыргытты эле. Анан ошондо урушуп койгонум чын, бардык эле апалар урушмак. Анан бизге өчөшүп ошол жердеги жашоочулар балама конфет берип, алдап видеону жаздырып алыптыр”,- деди. Ал эми аялдын күйөөсү балага таптакыр кол тийгизбегендигин айтууда.

Тергөө кызматы тарабынан аялдын, күйөөсүнүн көрсөтмөлөрү текшерилет. Баланын ден соолугун текшерүү үчүн тиешелүү адистер чакырылат. Күбөлөр суралат. Баланын денесине социалдык жактан коргоо кызматкерлеринин катышуусу менен кароо жүргүзүлөт»,— деп айтылат маалыматта.