Ошто «50 миң сомго айдоочулук күбөлүк алып берем» деген мугалим кармалды

Ош шаарында унаа мектептин кызматкери опузалап пара талап кылуу боюнча кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө Ош шаарынын 1996-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Арыздануучу 5-август күнү Ош шаарында жайгашкан унаа мектебинде мугалим болуп иштеген аял «айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзаменден ийгиликтүү өткөрүп, айдоочулук күбөлүк алып берем» деп, ал үчүн 50 миң сом акчаны пара катарында талап кылып жаткандыгын билдирип, чара көрүп берүүнү суранган.

12-августта аталган факты боюнча Ош ШИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иш козголгон. 13-август күнү болжол менен саат 10:00 чамасында арыздануучу жарандан унаа мектептин мугалими 40 миң сом акчаны алганда кармалды. Азыркы учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.