Ошто 54 жаштагы кишини сабап салган деген жаран кармалды

Өзгөн районунда денеге залал келтирип, изин жашырып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

21-август күнү милицияга Өзгөн районунун 54 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда Өзгөн шаарындагы Ийри-Суу айылына каттоочу унаалар токтоочу жайында ага бейтааныш жаран эч бир себепсиз эле коомдук жайда бет тарабына уруп, денесине жарат келтирип изин жашырып кеткендигин билдирген. Аталган факты Өзгөн РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган. Ал эми жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жыйынтыгында анча оор эмес дене жаракатын алган.

14-ноябрь күнү Өзгөн РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан ыкчам издөө иш-чаранын натыйжасында Өзгөн районунун тургуну 27 жаштагы шектүү катары кармалды. Тергөө уланууда.