Ошто 54 жаштагы кишинин жансыз денеси Кызыл-Дарыя суусунан табылган. Кылмышка шектүүлөр кармалды

Ошто 54 жаштагы кишинин өлүмүнө 2 адам шектелип жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден билдиришти.

15-октябрь күнү Чоң-Алай РИИБге Чоң-Алай айылдык аймагына караштуу Жар-Башы айылынын 30 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 13-октябрда саат 15:00 чамасында 54 жаштагы атасы Дароот-Коргон айылынын борбордук базарында жүргөн бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген. Аталган факты боюнча топтолгон материалдар 15-октябрда Чоң-Алай РИИБге каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары башталган.

16-октябрь күнү саат 17:10 чамасында изделип жаткан 54 жаштагы кишинин жансыз денеси Чоң-Алай районунун Кызыл-Дарыя суусунан табылган. Аталган окуя боюнча, ыкчам-тергөө тобу жансыз денесине анын өлүмүн аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизасы дайындалып, аталган окуя боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп баштаган. Алдын ала тергөөнүн жүрүшүндө маркум киши колдуу болгону белгилүү болгон.

Бул кылмышка шектүү катары 50 жаштагы Кулчу айылынын жашоочусу, 61 жаштагы Жекенди айылынын жашоочусу кармалып, Чоң-Алай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмышка шектүүлөрдүн айтуусу боюнча уруша кетип, экөөлөп токмоктоп окуя болгон жерден кетип калгандыгын билдиришкен. Кандайча сууга түшүп кеткендиги такталууда. Тергөө иштери жүрүүдө.