Ошто 54 жаштагы кишинин өлүмүнө шектелип, 2 жаран кармалды

9-июль күнү саат 08:15 чамасында Ош шаарынын эски автобекетинин ичинде кыргыз улутундагы жашы 45-50 чамасындагы адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Аталган факты Ош ШИИБдин электрондук журналына катталган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, тиешелүү материалдарды топтоп, жансыз денени Ош шаардык ооруканасынын мейитканасына жеткиришкен. Маркумдун аты-жөнү туугандары тарабынан аныкталган. Анын 1967-жылы туулган жаран экендиги такталган. Денеге экспертиза дайындалган.

Текшерүүдө каза болгон жаран Ош шаарынын Монуев көчөсүндө айылдашы менен бирге спирт ичимдигин ичип отуруп, ошол учурда Кара-Суу районунун 1983-жылы туулган тургуну жолдон өтүп бара жатып экөөнү көрүп калып токтоп, андан соң маркум менен сөз талашып урушуп кетип, аны урган учурда маркум жерге башы менен жыгылып башынан жаракат алганы аныкталган. Маркум шеригине «сен эмнеге мага болушпайсың?» деп аны урган мезгилде, шериги да аны муштуму менен уруп ошол жердеги кароосуз турган контейнерлерге таштап кетип калган. Ал алган жаратынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмыштын изи сууй электе 10-июль күнү шектүү катары 2 жаран кармалып, Жазык кодексинин 138-беренеси (ден соолукка оор зыян келтирүү)  менен айыпталып, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүүдө.