Ошто 55 жаштагы аялдын өлүмүнө жана маркумдун үйүнөн сейф уурдоого шектелип 20 жаштагы эки жигит кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда 20 жаштагы эки жигит 55 жаштагы аялдын үйүнө ууруга кирип, ага бычак сайган. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-февралга караган түнү болжол менен саат 5те эки жигит жергиликтүү тургундун үйүнө ууруга киришкен. Үйдүн ээсин жыгач таяк менен чаап, андан кийин бычак менен сайган. Уурулар үйдөн сейф уурдап чыгышкан.

Жабырлануучу алган жаракатынан улам 3 сааттан кийин ооруканада көз жумган. Бул факты боюнча киши  өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Издөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмышка шектелип Кара-Суу шаарынын 20 жаштагы эки тургуну кармалган.

Шектүүлөрдүн биринин үйүнөн сейф, бычак, жыгач таяк жана бет каптар табылган. Учурда тергөө иштери уланып жатат.