Ошто 57 жаштагы жаранга бычак сайып өлтүрдү делип жубайы кармалды. Окуянын чоо-жайы

Ошто 57 жаштагы жаран киши колдуу болду. Кылмышка жубайы шектелип жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 9-декабрь күнү саат 19:40 чамасында Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагында болгон. 57 жаштагы тургун өз үйүндө бычакталып көз жумган. Кылмышка 41 жаштагы жубайы шектелип кармалган. Тергөөдө төмөндөгүлөр аныкталган: 9-декабрь күнү саат 19:40 чамасында 1980-жылы туулган аял киши өзү жашаган үйүндө жолдошу 1964-жылы туулган жаран менен бирге спирт ичимдиктерин ичип олтурушуп, өз ара пикир келишпестиктен улам аял ашкана бычагын колуна курал катары алып, жолдошунун көкүрөк тушуна бир жолу сайып жиберген. Жолдошу окуя болгон жерде каза болгон.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, окуянын-чоо жайын көргөн билгендер суракка алынып, каза болгон жарандын жансыз денесине карата соттук-медициналык экспертиза дыйындалды. Кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, Кара-Суу райондук соту тарабынан 1 айга камакка алуу чечими кабыл алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.