Ошто 57 жаштагы киши таанышын көкүрөк тушка бычак менен сайып, аял каза болгон

Ошто 57 жаштагы киши аш бычак менен таанышынын көкүрөк тушуна бир ирет сайган. 43 жаштагы аял алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү таанышы менен спирт ичимдигин ичип олтуруп, өз ара айтыша кетишкен. Чыр кызганычтан улам чыккан.

«Окуя боюнча маалымат Ош ШИИБге 29-январь күнү саат 06:00 чамасында түшкөн. Ушул эле күнү бул кылмышка шектүү катары аталган дачанын жашоочусу 1968-жылы туулган К.А. кармалды. Ал бул өзгөчө оор кылмышты жасагандыгын моюнуна алган», — деп жазылат билдирүүдө.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, кектүү Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери уланууда.