Ошто 66 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды

Ошто куткаруучулар Шота Руставели көчөсүндө жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышкан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Батирдин ичинен 1956-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылды. Маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.