Ошто 7 жаштагы баланы 14 жаштагы өспүрүм атасынын унаасы менен сүзүп кетти

Ошто 14 жаштагы өспүрүм 7 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

13-август күнү милицияга Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда Папан айылында 7 жаштагы баланы унаа сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткеиндигин билдирген. Аталган арыз катталып, териштирүү иштери башталган. 13-август күнү саат 16:16 чамасында Папан айыл аймагынын тургуну жашы жете элек 14 жаштагы өспүрүм атасынын ВАЗ 2106 үлгүсүндөгү унаасын 2 досу менен айдап чыгышып, Бөрү айылындагы жолдо жөө басып бара жаткан Жапалак айылынын тургуну 7 жаштагы баланы сүзүп кетип, качып кетишкени аныкталган. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу денесинен жаракат алып, Ош шаарындагы балдар ооруканасына кайрылган.

Аталган факты боюнча Кара-Суу РИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышып, ВАЗ 2106 үлгүсүндөгү автоунаанын турган жери такталган. Учурда рулда өспүрүм болгон үчүн жол эрежесин бузууга, баласына унааны берип койгондугу үчүн ата-энесинин жоопкерчилиги каралууда.