Ошто 8 жаштагы баланын жансыз денеси суудан табылды (видео)

8-август күнү Туран кичи районунда агып өткөн Ош-Араван каналына 2014-жылы туулган бала түшүп кеткен.

Бүгүн жерине издөө иштерин улантуу үчүн жалпы 60 куткаруучу тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында саат 10:55те куткаруучулар тарабынан баланын сөөгү табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.