Ошто 8 жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ошто жарандардын унааларын алдап алып, из жашырган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн 1980-жылы туулган Кара-Суу районуну тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал бир нече жарандарды алдап, убактылуу унаага ээ болуп, аларды сатып, изин жашырып жүргөн.

2021-жылдын 15-ноябрь күнү Ош шаарынын тургунуна таандык Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны 220 миң сомго баалашып, ошол боюнча изин жашырып кеткен. Ал эми 21-ноябрь күнү дагы бир жарандын Нива-2121 үлгүсүндөгү унаасын дагы ушундай эле жол менен алып, башка бирөөгө арзаныраак сатып жиберип, качып кеткен. Учурда бул жарандын үстүнөн 4 арыз бар.

Шектүүнүн үстүнөн Кылмыш кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү мурда 8 жолу соттолгондугу, өзү ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары 2016-жылдан бери тургандыгы маалым болду.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү бул шектүү жарандан жабыр тарткан адамдар болсо, 03222-4-82-82, 0555-65-65-65 номурлары аркылуу кабарлап коюуну суранат.