Ошто 9 жаштагы бир тууганын өлтүрүүгө шектелген 17 жаштагы кыз камакта калтырылды

Ошто 9 жаштагы бир тууганын өлтүрүүгө шектелип жаткан 17 жаштагы кыз соттун чечими менен камакта калтырылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук сотунан билдиришти.

Ош шаардык сотунун 26-мартындагы токтому менен айыпталуучу 25-майга чейин камакка алуу турүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.

«Тергөө судьясы айыпкерге карата бөгөт коюу чарасын тандоодо, анын өздүгү аныкталгандыгын тергөө судьясы белгилейт, бирок ал өзгөчө оор кылмыш кылгандыгы боюнча айыпталып жаткандыгын, эгер айыпталуучу боштондукта болсо тергөөдөн же соттон жашырынып кетүүсү же болбосо күбөгө же кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларына коркунуч келтирүүсү, далилдерди жок кылуусу, башка жол менен тергөөнү жана ишти сотто териштирүүнү объективдүү жүргүзүүгө тоскоол кылуусу же болбосо кылмыштуу иш менен кайра алектенүүнү тоскоолдук кылуусу, же болбосо кылмыштуу иш менен кайра алектенүү улануусу мүмкүн экендигин эске алган»,- дешти.