Ошто 9 миңден ашык жасалма доллар сатууга аракет кылган жаран кармалды

23-май күнү Ошто 9,3 миң жасалма доллар сатууга аракет кылган 1992-жылы туулган А.Б. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ош шаарында бир жаран тааныштары менен бирге ири өлчөмдө жасалма доллар сатууга аракет кылып жатканы жөнүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине маалым болгон. Кызматкерлер тийиштүү ыкчам иш-чараларды өткөрүп, натыйжасы ийгиликтүү аяктады. Эксперттер жүздүк купюра менен болгон 93 даана доллар жасалма экенин аныкташты. Тиешелүү корутунду тергөө кызматына жөнөтүлүп, Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жасалма акча менен кармалган 1992-жылы туулган А.Б. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.