Ошто адам өлтүрүүгө шектелген жигит Орусияда кармалды

Оор кылмыш үчүн эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык Москвадан кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Москва шаарында Кыргыз Республикасынын жана Орусиянын ички иштер министрликтеринин кызматкерлеринин биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, изделип жаткан 2004-жылы туулган Кыргызстандын жараны кармалды.

Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, 2023-жылы Ош шаарынын аймагынан 1990-жылы туулган жарандын жансыз денеси табылган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмыш ишин жасоого шектелген жарандын өздүгү такталып, ал 2004-жылы туулган жаран болуп чыккан. Ага карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде (Адам өлтүрүү) каралган кылмыш иши боюнча эл аралык издөө жарыяланган.