Ошто адам уурдап, 190 миң сом талап кылууга шектелгендер кармалды

Ошто адам уурдап, аны 2 сутка бою кармашкан. Кылмышкерлер уурдалган жаранды мобилдик капчыкка 190 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын которууга мажбурлашкан. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-январда Т.Шоноев көчөсүндөгү «Ак-Тилек» кичи районундагы шаардык оорукананын жанында, «Daewoo Tico» үлгүсүндөгү автоунаа менен белгисиз адамдар К.Д.У. аттуу жаранды күч колдонуп автомашинага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен. УКМК менен Ош ШИИБи биргеликте жаранды уурдап кеткендер 1990-жылы туулган К.у.Т., 1991-жылы туулган К.у.К. жана 1991-жылы туулган И.Н.И. экендигин аныкташкан. Алар К.Д.У. аттуу жаранды Ош облусунун Өзгөн районуна алып кетишкен. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.