Ошто администратор кызды коркутуп, зордуктоого аракет кылган шектүү кармалды

Ош шаарында бычак менен коркутуп, зордуктоого аракет жасаган 20 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Милиция кызматкерлери тарабынан Чоң-Алай районунун тургуну кармалды. Ал  27-январь күнү саат 05:55 чамасында Ош шаарынын Кара-Суу көчөсүндөгү караоке клубуна башка жарандардын жок экендигинен пайдаланып, жалгыз отурган администратор кызды бычак менен коркутуп, зордуктоого аракет жасаган.

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү ушул эле түнү саат 01:00 чамасында Ош шаарынын Раззаков көчөсүндөгү бильярд клубунун эшигин бузуп кирип, анда кассада турган 22 миң сом акчаны уурдап чыккандыгы аныкталды. Андан соң уурдаган акчасына курсагын тойгозуп, алкоголдук ичимдиктерди ичип, түнкү караоке клубуна кылмыш жасоо үчүн барган. Ош шаардык соту тарабынан кармалган шектүү баш коргоо чарасы кечээ, 29-январда Ош шаардык сотунда каралып, 2 айга камакта калтырылды.