Ошто айдоочу жолдун четинде коляскада бара жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген жаранды сүзүп, из жашырып кеткен (сүрөт)

Ошто айдоочу жолдун четинде коляскада бара жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген жаранды сүзүп, из жашырып кеткен. Бул тууралуу Ош облустук жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-август куну саат 11:45 чамасында Бишкек-Ош эл аралык маанидеги жолунун 612-чакырымында тактап айтканда, Өзгөн шаарынын Мирзарахимов көчөсүндө ошол эле районунун тургуну 1971-жылы туулган мүмкүнчүлүгү чектелген жаранды жолдун четинде коляскада бара жатканда артынан белгисиз айдоочу сүзүп, окуя болгон жерден белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен.

Кесепетинен жабырлануучу денесинен жарат алып, райондук ооруканага жаткырылган. Ал эми ал бара жаткан коляска сынып, жарактан чыккан. Бул кырсыктын бетин ачуу максатында, 9-август күнү жүргүзүлгөн иштин натыйжасында, жол кырсыгын жасап, качып жүргөн айдоочу Дэу-Матиз унаасын үйүнүн сарайына токтотуп койгон жеринен кармалган. Тергөө иштери жүрүп жатат.