Ошто айдоочулук күбөлүгү жок аял 3 окуучуну сүзүп, бири каза болду

Ош шаарында 36 жаштагы айдоочу аял жөө өтмөктөн үч окуучуну сүзүп, бири каза болду. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош шаарындагы Милициянын кайгуул кызматынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, кырсыктан жабыркаган бир окуучу башынан жаракат алып, ага операция жасалган. Бирок эсине келбей көз жумган. Унаа айдап бараткан аялдын айдоочулук күбөлүгү болгон эмес. Ушул эле жылдын 9-сентябрында да ал 11 жаштагы баланы сүзүп алып, жеткинчек ооруканага жеткирилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.