Ошто айылдаштарынын малын уурдап жүргөн шектүү кармалды

Ошто өз айылдаштарынын малын уурдап сатууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары изделип жаткан Жапалак айылынын 2001-жылы туулган тургуну М.уулу Б. кармалды. Тергөө кызматынын алгачкы маалыматтарына караганда, шектүү Жапалак айылында жашап туруп, өз айылдаштарынын малын 2022-жылдын күз айларынан тартып уурдап, сатууга өткөн. Берген көрсөтмөсүнө караганда, күндүзү алдын ала көрүп койгон малды короодон, же талаада аркандалып турган жеринен тункү саат 02:00дө уурдап чыгып, ээн талаага аркандап коюп, макулдашкан Лабо үлгүсүндөгү унаага салып, таӊ атпай мал мазарга жетип, базар баасынан арзан сатып жиберип турган.

Түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн коротушкан. Унаанын айдоочусуна малдын уурдалган экендигин айткан эмес. Өзүн мал алып-сатып, чайкоочулук менен алектенген адам катары тааныштырып койгон. Уурдалган малды Өзгөн, Кызыл-Кыя жана Ноокат шаарларынын мал базарларына сатып турган.

Учурда шектүү тарабынан 7 ири мүйүздүү мал жана 2 кой уурдалгандыгы аныкталган. Шектүү 26-сентябрда убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө улантылууда.