Ошто айыпталып качып жүргөн жаран кармалды

Ош шаарында милиция кызматкерлери издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Милиция кызматкерлери Ош шаарында, буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча издөөгө жарыяланган жаран коомдук жайларда орнотулган жүзүн таануу функциясы бар сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармады. Видеобайкоо камералары аны издөөдө жүргөн адам катары тастыктаган, ал кылмышка шектүү болуп, качып жүргөн.

Ага карата Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалган. Учурда тергөө иштери уланууда.