Ошто арматура менен сабалып киши өлтүрүлүшүнө эки шектүү кармалды

13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүнөн банктын жанынан 1993-жылы туулган жарандын сөөгү табылып, аны белгисиз адамдар тобу сабап өлтүрүшкөндүгү аныкталган. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

Ошол эле түнү ооруканага 1995-жылы туулган дагы бир жаран оор абалда бычактан жаракат алынып келинген. Бул факты Ош шаарынын ИИБде ККылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүндө (адам өлтүрүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган.

Бүгүн, 14-январда ыкчам-издөө иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлери Чүй облусунун аймагында чек арадан өтүү аракетинде издөөдө жүргөн К. у. Э. жана Р. у. А. кармалышты. Азыркы учурда өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар башка адамдарды да кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул окуяга байланыштуу кечээ, 13-январда бул өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу, кылмыш чөйрөсүндө Женго деген каймана ат менен таанымал болгон, Кадыр Досонов кармалып, баш-аягы 5 адамга издөө жарыяланган эле.