Ошто арматура менен сабалып өлтүрүлгөн киши. Дагы бир шектүү Бишкекте кармалды

Ош шаарында өзгөчө оор кылмышты жасоого шектелген жарандарды кармоо иштери уланууда. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ош шаарында жасалган кылмышка шектүү жаран Бишкек шаарынан аймагынан кармалды. Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн 1998-жылы туулган Ош облусунун тургуну Бишкек шаарынан кармалды. Өзгөчө оор кылмышка тиешеси барларды кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүнөн банктын жанынан 1993-жылы туулган жарандын сөөгү табылып, аны белгисиз адамдар тобу сабап өлтүрүшкөндүгү аныкталган. 14-январда ыкчам-издөө иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлери Чүй облусунун аймагында чек арадан өтүү аракетинде издөөдө жүргөн эки шектүүнү кармаган. 13-январда бул өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу, кылмыш чөйрөсүндө Женго деген каймана ат менен таанымал болгон, Кадыр Досонов кармалып, баш-аягы 5 адамга издөө жарыяланган эле.