Ошто атасы урушуп, ашата сөккөн бала фостердик үй-бүлөгө жайгаштырылды

Кечээ, 12-сентябрда социалдык тармактарда баласына орой мамиле жасаган кишинин видеосу тараган. Анда эркек кишинин балага «Чык эшикке, көзүмө көрүнбөй жогол!», «Кандай эле сенин уйкуң келет, апаңа кошуп сабаш керек. Апаңа өчөшүп күндө урам», «Эшикке чыгып уктайсың, чык эшикке» деп жатканын угууга болот. Бул ишти Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги көзөмөлгө алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

«Үй-бүлө Ош облусунун Алай районунда жашайт. Видеону атасы эмгек миграциясында жүргөн апасын үйүнө алып келүү үчүн тарткан. Райондук башкармалыктын маалыматы боюнча, балада ур-токмоктун изи жок. Ошону менен бирге баланы коргоонун жекече планы түзүлүп, териштирүү иштери бүткөнгө чейин жана үй-бүлө менен тактоо иштери аяктаганга чейин бала багып алуучу фостердик үй-бүлөгө жайгаштырылды»,— деп айтылат маалыматта.